AVN

МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 Feb 15, 2023  279

Табигый- илимий билим берүү кафедрасынын ТИББ (б)маг-1-22 тайпасынын магистранттары 2023-жылдын 9-январынан 4-февралга чейин илимий изилдөө практикада болушту.

Бул практика боюнча кафедрада жыйынтыктоочу конференция өткөрүлдү, мында магистранттардын жетекчилери, магистранттар жана кафедра мүчөлөрү катышты. Ар бир магистрант өзүнүн илимий темасы боюнча жасаган алгачкы илимий кадамдары, аткарган жумуштары боюнча маалымат беришти. Магистранттар өздөрүнүн отчетунда иштеп жаткан илимий теманын планын жетекчилер менен биргеликте түзүшүп, ал теманын актуалдуулугун, максатын жана аткарган жумуштардын тизмесин тактап, андан ары илимий тема боюнча адабий булактар менен таанышып, тема боюнча алынган окумуштуулардын эмгектерин салыштырып анализдеп чыккандыгын баяндашты.

     Ошондой эле конференциянын жүрүшүндө магистранттардын жетекчи лерине да сөз берилип, алар менен биргеликте  практика боюнча SWOT  анализ жүргүзүлүп, практиканын күчтүү жактары, алсыз жактары жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалыматтар угулду, талкууга алынды. Аягында аткарган жумуштары боюнча магистранттардын отчеттору бааланды деп билдирди ТИББ кафедрасынын башчысы п.и.к.доцент Н.Б. Арстанбекова.

  • МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨ ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ