АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА АНГЛИС ТИЛИНИН БИР АЙЛЫГЫ ӨТҮП ЖАТАТ
Feb 14, 2023 534
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен бардык билим берүү уюмдарында “ Англис тилинин бир айлыгы” жарыяланган. Бул жараян боюнча Жалал-Абад колледжинин чет тилдер ПЦКсында иш-план түзүлүп, бекитилди.
Айлыктын биринчи аптасында “Англис тилинин бир айлыгы” жүрүшүнүн ачылышы болду. Ачылышта көңүлдүү концерт уюшулду жана студенттердин дубал гезиттерине конкурс жарыяланды. Англис тилин даңазалаган креативдүү, мотивациялык дубал гезиттердин ээлерин кызыктуу белектер күтөөрү айтылды.
Ошондой эле бир айлык жүрүштө Жалал-Абад колледжинде чет тили окутуучулардын ачык сабактары жана түрдүү маданий иш-чаралар пландаштырылды. “ Мындай жүрүш студенттердин тил үйрөнүүгө ,башка элдин маданиятын өздөштүрүүгө, ошондой эле окуучуларды Жалал-Абад колледжине окууга чакырат” дейт чет тилдер ПЦКсынын башчысы Б.Баймырзаева.