AVN







ООГАН АРДАГЕРЛЕРИНЕ ТААЗИМ!

ООГАН АРДАГЕРЛЕРИНЕ ТААЗИМ!
 Feb 14, 2023  224

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин экономикалык-юридикалык факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттери арасында 2023-жылдын 13-февралында Ооганстан Республикасынан Советтик аскерлерди алып чыгуусунун 34 жылдыгына карата “Ооган ардагерлерине таазим!” аталышындагы адеп-ахлакка, мекенчилдикке тарбиялоо максатындагы иш-чара өткөрүлдү.

         Иш-чарага экономикалык-юридикалык факультетинин жалпы окутуучулар жамааты, студенттер жана Ооганстанда атуулдук, интернационалдык милдетин аткарып келип, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде эмгектенип жаткан кесиптештерибиз Шерматов Абдыжапар Орунбаевич, Мамытов Тарат Исабекович, Сабиров Камчыбек Аскарович катышты.

         Ардагерлер Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөндүгүн, өздөрүнүн жарандык жана интернационалдык милдетин Ооганстан жергесинде аткаргандыгын айтышты. Кызмат кылган учурлары тууралуу кызыктуу маек куруп беришти жана студенттердин, окутуучулардын суроолоруна карата ойлорун билдиришти. Аталган иш-чаранын алкагында студенттерди мекенчил болууга, Ата-Мекендин коргоочулары катары кызмат кылууга чакырган ойлор айтылды.

         Кымбаттуу Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде эмгектенип жаткан Ооган согушунун ардагерлери! Баарыңызарды 15-февраль Ооганстандан Советтик аскерлердин чыгарылган күнү менен куттуктайбыз! Сиздерге чың ден соолук, иштериңиздерге ийгилик каалайбыз.

         Биз Сиздер менен сыймыктанабыз!

  • ООГАН АРДАГЕРЛЕРИНЕ ТААЗИМ!
  • ООГАН АРДАГЕРЛЕРИНЕ ТААЗИМ!
  • ООГАН АРДАГЕРЛЕРИНЕ ТААЗИМ!
  • ООГАН АРДАГЕРЛЕРИНЕ ТААЗИМ!
  • ООГАН АРДАГЕРЛЕРИНЕ ТААЗИМ!
  • ООГАН АРДАГЕРЛЕРИНЕ ТААЗИМ!
  • ООГАН АРДАГЕРЛЕРИНЕ ТААЗИМ!