AVN







ЮРИДИКАЛЫК ПРАКТИКАДА ПСИХИАТРИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ

ЮРИДИКАЛЫК ПРАКТИКАДА ПСИХИАТРИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ
 Feb 13, 2023  282

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык факультетинин Юриспруденция адистиги боюнча Юк 1-20 тайпасынын студенттери бүгүн “Юридикалык практикада психиатриянын негиздери” (Основы психиатрии в юридическом практике) сабагынан практикалык саатын, окутуучусу Талайбек Сусунбаев менен биргеликте Жалал-Абад областынын психикалык борборунун бөлүм башчысы Мырзамамат уулу Исламбек менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуу учурунда психикалык борборунун бөлүм башчысы Мырзамамат уулу Исламбек   психикалык жактан жабыр тарткан жарандарга дарылоо боюнча иш чараларын кеңири айтып өттү, ошону менен бирге психикалык жактан жабыр тарткандарга  юридикалык жактан кандай иш чаралардын жүрүшү боюнча кызыктуу жана маңыздуу, аңгеме-лекция катарында түшүндүрмө иш чаралары боюнча маалыматты айтып берди. Жолугушуу учурунда Юк1-20 тайпасынын студенттери тарабынан өздөрүнө келечекте кызмат учурунда эң эле керектелүүчү суроолорун беришип, берген суроолоруна жакшы, канааттандыраарлык жоопторду алышты.

Практикалык сааттын соңунда борбордун бөлүм башчысы Мырзамамат уулу Исламбек студенттерге окуусунда жакшы ийгиликтерге жетишип, келечекте кыргыз мамлекети үчүн, кыргыз эли үчүн  кызмат кылган жарандардан болуусуна тилектештигин билдирип өттү.

  • ЮРИДИКАЛЫК ПРАКТИКАДА ПСИХИАТРИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ
  • ЮРИДИКАЛЫК ПРАКТИКАДА ПСИХИАТРИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ
  • ЮРИДИКАЛЫК ПРАКТИКАДА ПСИХИАТРИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ
  • ЮРИДИКАЛЫК ПРАКТИКАДА ПСИХИАТРИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ
  • ЮРИДИКАЛЫК ПРАКТИКАДА ПСИХИАТРИЯНЫН НЕГИЗДЕРИ