Конфуций институтунун кытай окутуучулары жана волонтерлору үчүн кыргыз тили курсу өз ишин улантууда. Кыргыз тили курсун окутуучу У.Өмүрзакова өтүп келе жатат. Анын айтуусунда, азыркы программа боюнча кыргыз тилинин грамматикасын – сөз түркүмдөрүн, жак, чак категорияларын, антоним, синоним сөздөрдү окуп жатышат. Ар күнкү сабакта “10 сөз” усулу менен ондон кыргызча жаңы сөздөрдү үйрөнүп жатташат. Ар түрдүү темадагы тексттерди которушат. Кытай окутуучулары кызыккан темада маек курушат. Эң кызыктуусу алардын “Манаска” болгон кызыгуусу! Манас тууралуу көбүрөөк билгилери келишет. Азырынча куплеттеринен жаттап жатышканын билдирди. Кыргыз тилин сабагы боюнча жакынкы аралыкта видеотасма чыгарышарын кошумчалады.
Жадыбалы, адатынча, ийкемдүү түзүлүп, окутуучулар бош убактыларында сабакка катышышат.
Институттун кыргыз тилин үйрөтүүчү курсунун маанилүүлүгүн эсепке алып, быйылкы жылы да кытай тараптан бул долбоор атайын колдоого алынды.