AVN







ӨТКӨНДӨР ДАҢКТАЛМАЙЫН ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ

ӨТКӨНДӨР ДАҢКТАЛМАЙЫН ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ
 Feb 13, 2023  227

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын доценти п.и.к., К.М. Ураимов тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Президетинин 2022-жылдын 31-декабрындагы “Абсамат Масалиевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндөгү” ПЖ №415 жарлыгына, ЖАМУнун №5 тескемесине ылайык жана ЖАМУнун түптөлгөндүгүнүн 100, түзүлгөндүгүнүн 30  жылдык мааракесине карата «Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт» аталышындагы тегерек стол болуп өттү.

Бул иш чарага аталган факультеттин деканы, ф.и.к., доцент Р.К. Шамшиев, Тарых кафедрасынын профессору, т.и.к., К. Айдаркулов, Тарых кафедрасынын башчысы, т.и.к., доцент Г. Анарбаева, Педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, п.и.д., профессор С.Сакиева жана П-1-19, П-1-22 тайпасынын студенттери, илимий китепкананын кызматкерлери, коноктор катышышты. Алар А. Масалиевин инсандык сапаттарын, таза ишмердүүлүгүн жана коомдогу опол тоодой орду жөнүндө баалуу маалыматтарды айтып кетишти.   

Иш-чаранын жүрүшү обласстык телеканалына тартылып, кечки жанылыктардан берилди. 2023-жылдагы А. Масалиевди эскерүү жөнүндөгү эн алгачкы иш-чара экендиги баса белгиленди. Иш-чараны уюштурган ПП жана ОТ кафедрасынын доценти, п.и.к. К.М. Ураимов өз сөзүндө “Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбай” тургандыгын, андыктан улуу муундун үлгүлүү иш-аракеттерин улам кийинки муундарга өткөрүп берүү башкы максат экендигин белгилеп кетет.

  • ӨТКӨНДӨР ДАҢКТАЛМАЙЫН ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ
  • ӨТКӨНДӨР ДАҢКТАЛМАЙЫН ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ