AVN







ПРОФСОЮЗДУК КОМИТЕТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ШАЙЛАНДЫ

ПРОФСОЮЗДУК КОМИТЕТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ШАЙЛАНДЫ
 Feb 13, 2023  292

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун  экономика – юридикалык колледжинде  08.02.2023 –ж. саат 15: 00 дө колледж боюнча профсоюздук мүчөнү шайлоо боюнча жыйын болуп өттү.  Жыйынга  Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профсоюздук комитететинин төрагасы Маткаримова Минавар Шарабидиновна, экономика – юридикалык колледждин директору  э.и.д,. профессор Карбекова Азиза Байматовна  ошондой эле профсоюздук мүчө катары колледждин жалпы окутуучулары катышты.     Рынок экономикасынын шартында профсоюздук комитеттин негизги милдети профсоюздун мүчөлөрүнүн эмгектик, социалдык-экономикалык, рухий укуктарын жана таламдарын коргоо болуп саналат. Эмгек жамаатынын атынан профсоюз комитети иш берүүчү менен жамааттык келишим түзөт жана анын аткарылышын системалуу түрдө көзөмөлдөйт.

     Жыйында негизи бир эле маселе каралды: ал колледждин профкомун шайлоо болду. Шайлоо добушка салынып, профкомду шайлоо бир добуштан ачык  болсун деп кабыл алынды. Колледждин профкомуна эки талапкер көрсөтүлүп,  добуш берүү ачык түрдө болуп өттү. Колледждин профкомдугуна 12 добуш менен Анарбай кызы Айтбү шайланды.

  • ПРОФСОЮЗДУК КОМИТЕТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ ШАЙЛАНДЫ