AVN







СТУДЕНТТЕРДИ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ

СТУДЕНТТЕРДИ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ
 Feb 10, 2023  216

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Табигый –Техникалык факультетинин 640200 электрэнергетика жана электротехника багытынын, электр менен камсыздоо жана электроэнергетикалык системалар жана түйүндөр профилинин ЭЭСС-1-20, ЭС-1-20 тайпаларына өндүрүштүк практиканы уюштуруу конференциясы болуп өттү. Окуу планына ылайык өндүрүштүк практика 13.02.2023-18.03.2013 чейинки убакытта Жалал-Абад электр тармактары ишканасында болот.   

Бул конференцияга ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн жетекчиси Жолдошалиева Н.С., Электроэнергетика жана механика кафедрасынын башчысы т.и.к., доцент Кокумбаева К.А. жана өндүрүштүк практиканын жетекчилери Ташиев З.К., Алиев М.К., Турдукулова А.А., Султаналиева К.К., Кочкорова М.Б. жана ЭЭСС-1-2-, ЭС-1-20 тайпасынын студенттери катышышты.

Өндүрүштүк практиканы уюштуруу жана өндүрүштүк практиканын ЖОБОсу боюнча  төмөндөгү окутуучулар баяндама жасашты:

  • Өндүрүштүк практиканын программалары, жол карталары, өндүрүштүк практиканын максаты жана тапшырмалары жөнүндө улук окутуучу Ташиев З.К;
  • Өндүрүштүк практика мезгилинде студенттердин техникалык коопсуздук эрежелерин сактоосу боюнча окутуучу Алиев М.К.;
  • Күндөлүктү толтуруу, практиканын отчеттуулугу жөнүндө улук окутуучулар  А.А. Турдукулова, К.К. Сулатаналиева;  
  • Баалоо критерийлери жөнүндө: окутуучу М.Б. Кочкорова бул практиканын өзгөчөлүктөрү жөнүндө жана студенттерге жаңы ЖОБО боюнча  баалоо критерийлерин  түшүндүрүп, студент практиканын отчетун тапшырууда “5” деген баа алуу үчүн өндүрүштүк практиканы өтөө учурунда окуу илимий изилдөө иштер  менен алек болуусу зарыл деп баса белгиледи.

Конференция учурунда студенттер өндүрүштүк практика боюнча өздөрүнө керектүү болгон баардык суроолоруна жооп жана керектүү материалдарды ала алышты.

  • СТУДЕНТТЕРДИ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ
  • СТУДЕНТТЕРДИ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ
  • СТУДЕНТТЕРДИ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ
  • СТУДЕНТТЕРДИ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ
  • СТУДЕНТТЕРДИ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ
  • СТУДЕНТТЕРДИ ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАГА ЖӨНӨТҮҮ