AVN







ТАЗА ИШТЕП АДАЛ ЖАША

ТАЗА ИШТЕП АДАЛ ЖАША
 Feb 10, 2023  245

Жалал-Абад колледжинин чет тили(англис тили) адистигинин АТк-01-21 тайпасынын куратору Н.Айылчиева мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына карата тарбиялык сабак өттү.

Тарбиялык сабакта  студенттерге А.Масалиевдин өмүр баяны, иш таржымалдары, кыргыз эли үчүн кылган кызматы жөнүндө айтып берди. А.Масалиев жөнүндө слайд шоу көрсөтүлүп, студенттер өз ойлорун айтышты. Сабак учурунда студенттер топторго бөлүнүп А.Масалиевдин басып өткөн жолу, жасаган кызматтары жөнүндө тапшырмаларды аткарышып, презентация жасашты.

 Н.Айылчиева өз сөзүндө бул инсанды эскербей коюу мүмкүн эместигин, себеби кыргызда мындай чынчыл инсан сейрек кездешкени жөнүндө сүйлөп, студенттерди келечекте патриоттуулукка, эмгекти сүйүүгө, таза иштеп,адал жашаганга чакырды.

  • ТАЗА ИШТЕП АДАЛ ЖАША
  • ТАЗА ИШТЕП АДАЛ ЖАША
  • ТАЗА ИШТЕП АДАЛ ЖАША