AVN







АКЫЛ АЙГА, БИЛИМ КӨККӨ ЖЕТКИРЕТ

АКЫЛ АЙГА, БИЛИМ КӨККӨ ЖЕТКИРЕТ
 Feb 10, 2023  379

Экономика-юридикалык колледжинде  иш пландын негизинде  “Акыл айга, билим көккө жеткирет” деген темада куратордук сааттар  өтүлүүдө.

   Ушул теманын  алкагында  социалдык иш  ПЦКсында  социалдык иш адистигинин СРк-2-21 тайпасынында  куратору   Анарбай кызы Айтбү тарабынан куратордук  саат өтүлдү.  

Сабактын  негизги максаты студенттердин билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу жана  билим аркылуу көздөгөн максатына жетүүгө мүмкүн экендигине ынандыруу.

Сабактын жүрүшүндө студенттер топторго бөлүнүп теманын үстүндө талкуулап өз ойлорун билдиришти жана студенттер үчүн билим көккө жеткирет деген теманын үстүндө атайын даярдалган тарбиялык маанидеги видио  көрсөтүлдү.

 Бүгүнкү куратордук сабактын жыйынтыгында ар бир инсан билим алуусу керек экендигин жана  билим менен жаркын келечек түзүп, жашоо шартын өзгөртүп, өз үй бүлөсүн дагы бактылуулукка жетелеп жарык жашоодо жашай аларын  түшүнүштү – дейт куратор Анарбай кызы Айтбү.

  • АКЫЛ АЙГА, БИЛИМ КӨККӨ ЖЕТКИРЕТ