AVN







АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА ПЕДАГОГИКАЛЫК ОКУУ УЛАНДЫ

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА ПЕДАГОГИКАЛЫК ОКУУ УЛАНДЫ
 Feb 10, 2023  261

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде инженердик -педагогикалык кызматкерлерге атайын бекитилген темалар боюнча ар жума  сайын педагогикалык окуулар өтүлүүдө

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин 2022- жылдын 23- декабрынын № 29006 буйругунун негизинде «Окутуунун инновациялык технологияларын пайдалануу аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жолдору» деген темада орто кесиптик окуу жайларда педагогикалык окуулар уюштурулууда .

Талапка ылайык, Жалал-Абад колледжинде  педагогикалык окуунун экинчи бөлүгү болду. Анда колледждин окутуучулары Кайкыева Үлпөт Тагайбековна  “Орто кесиптик  окуу жайларындагы ата-энелер мектеби -студенттин социалдык өнүгүү кызыкчылыгында үй-бүлө менен мекемелердин интеграциясыдеген темада баяндама жасады

 Досалиева Мунайым Молдалыевна “ Улуттук каада-салттар -улуттун бейнеси(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы №303 Жарлыгы, Билим беруунун актуалдуу көйгөйлөрүн талкуулоо, орто кесиптик  билим беруу мелшрнкемесинде окуу-тарбия процессии өркундөтүү жана чыгармачылыкты жогорулатуу, билим берүү чөйрөсүндөгү  орто кесиптик билим берүү мекемесинин потенциалы) деген темадакатышуучулар менен интерактивдүү презентация уюштурду

. Иш-чарага колледждин социалдык педагогу, тарбиялык иштери боюнча директордун орун басары жана кураторлор катышышты. М.Досалиева кыргыз улутунун  баалуулуктары, элдик тарбия, улуттук атрибуттар , үй-бүлө тарбиясы жөнүндөгү проблемаларды козгоду.

Ү.Кайкыева окуу жайдын ата-энелер менен байланыш түзүүсү , куратордук ишмердүүлүк, студенттердин социалдык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү боюнча талкуу уюштурду. Колледждин жамааты студенттерди инсан катары калыптандыруу, патриоттук духта тарбиялоо үчүн дисциплинанын түрүнө карабай ар бир сабакта улуттук баалуулукту аз да болсо кошуп окутууну сунуштады.