AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ ӨТКӨРҮЛДҮ

АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ ӨТКӨРҮЛДҮ
 Feb 8, 2023  309

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык – юридикалык колледжинде  7-февралда  экономика ПЦКсынын, укук таануу ПЦКсынын жана социалдык иш ПЦКсынын студенттеринин  ата-энелери менен чогулуш болуп өттү. Чогулушка колледждин директору  э.и.д., профессор А.Б. Карбекова , окуу – тарбия иштери боюнча директордун орун басары А.  Ташматова, Э. Кадырова,  өндүрүштүк практика боюнча директордун орун басары Н. Айылчиева,  ПЦК башчылары, 1-3 курсттардын кураторлору, ата-энелер катышышты.

      Аталган колледжин директору А.Б. Карбекова ата – энелерди колледждин жаңы структуралык курамы менен тааныштырып, өз сөзүндө ата – энелерге колледждин ЖАКтан бөлүнүп чыкканынын себебин, колледждин бүтүрүүчүлөрү  экономикалык – юридикалык факультетинин студенттери болуп окуусун улантууга үгүттөп кетти. Мындан сырткары окуу жайда студенттердин билим алуусуна толук шарттардын түзүлүп жаткандыгын айтып, студенттин билим алуусу AVN системасы менен бааланып жаткандыгына токтолуп, ар бир ата-эне өзүнүн уул-кызынын жетишкендигин, сабакка катышуу - жетишүүсүн көзөмөлгө алуу үчүн, уюлдук телефондорунан ЖАМУнун сайтына кирип AVN порталынан текшерип турууну сунуштады.

Чогулуштун  жүрүшүндө  окуу – тарбия иштери боюнча директордун орун басары А. Ташматова сөз сүйлөп  академиялык карыздарды жоюу, жайкы семестр, мындан сырткары өзгөчө форма маселесине да ата – энелердин  көңүл бөлүүсүн суранып өттү. Андан ары  өндүрүштүк практика боюнча директордун орун басары  Н. Айылчиева  практиканын түрлөрү, өзгөчөлүктөрүнө токтолуп, практика өтөө учурунда да көңүл буруу керектигине токтолду.   Андан кийин  ПЦК башчылар сөз сүйлөп студенттердин сабактарга катышуусу, жетишүүсү, окуу программалары, окуу пландары боюнча кеңири маалымат берди.

Ата-энелер: окуу жайдын жетекчилигине, билим жана тарбия берген окутуучуларга терең ыраазычылыктарын билдиришип, окуу жай менен тыгыз байланышта болоорун айтышты.

Жыйынтыгында уул-кызына мыкты тарбия бергендиги жана билим алуусуна үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзгөндүгү үчүн директор жана кураторлор тарабынан ата-энелерге  ыраазычылык кат тапшырылды.

  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ ӨТКӨРҮЛДҮ
  • АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ ӨТКӨРҮЛДҮ