AVN







ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АТАЙЫН ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ ОКУУ ЖАЙЫ

ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АТАЙЫН ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ ОКУУ ЖАЙЫ
 Feb 8, 2023  282

 Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжин  Жалал-Абад шаардык мэриясы  2022-жылдын жыйынтыгы менен “ Жылдын мыкты атайын билим берүү окуу жайы” деп тапты. Бул тууралуу аталган колледждин директору Бариса Турдубаева билдирди.                                 

2023-жылдын 6-февралында  Жалал-Абад шаардык мэриясынын  коллегиясында  2022-жылдын жыйынтыгы чыгарылды.  Анда шаардагы алдынкы мекеме-ишканалар, уюмдар жана кызматкерлер мыкты деп табылып, дипломдор, Ардак грамота жана ыраазычылык каттар менен сыйланды.

2022-жылда шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн , жетишкен ийгиликтери менен айырмаланган “ Жылдын мыкты атайын орто билим берүү окуу жайы” деп аталган диплом менен  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжи сыйланды. Сыйлыкты шаар мэри Э.Ормоков тапшырып, окуу жайга мындан дагы албан ийгиликтерди каалады.

  • ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АТАЙЫН ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ ОКУУ ЖАЙЫ
  • ЖЫЛДЫН МЫКТЫ АТАЙЫН ОРТО БИЛИМ БЕРҮҮ ОКУУ ЖАЙЫ