AVN







ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ТЮМЕНДЕ БИЛИМ АЛУУДА

ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ТЮМЕНДЕ БИЛИМ АЛУУДА
 Feb 7, 2023  325

Медициналык факультетинин фармация адистигинин 2-курсунун студенти Мамасадыкова Гулсун Тюмен мамлекеттик медициналык университетине эки тараптык келишимдин негизинде академиялык мобилдуулук программасынын алкагында 2022-2023 окуу жылынын жазгы семестринде окууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу эл аралык байланыштар бөлүмүнөн кабарлашты.

Академиялык мобилдүүлүк – бул студенттердин (магистранттардын) же окутуучулар жана изденүүчүлөрдүн билим алуу үчүн же илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн аныкталган бир академиялык мезгилге (семестр же окуу жылы) башка жогорку окуу жайына (өлкөнүн ичиндеги же чет өлкөдөгү), өздөштүргөн билим берүү программаларын кредиттер түрүндө өзүнүн ЖОЖунда же башка ЖОЖдо окуусун улантуу үчүн милдеттүү түрдө эсепке алуу (таануу) менен, орун которуу болуп саналат дейт фармация кафедрасынын башчысы Бактыгул Осмонова.

  • ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ТЮМЕНДЕ БИЛИМ АЛУУДА
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ТЮМЕНДЕ БИЛИМ АЛУУДА
  • ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ТЮМЕНДЕ БИЛИМ АЛУУДА