AVN







ЖАКТА ЖЫЙНАЛЫШТАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ

ЖАКТА ЖЫЙНАЛЫШТАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
 Feb 3, 2023  201

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде окуу тарбия иштерине, студенттердин сабакка катышуу жетишүүсүнө талдоо жүргүзүү максатында ар бир адистиктин студенттери жана кураторлору  менен жыйналыштар өткөрүлүүдө.

  1. 2022-2023-окуу жылынын 1-семестринин  жыйынтыгы боюнча  отличниктерге, ударниктерге, коомдук ишке активдүү катышкандарга , спортто, сырттан конкурстарга, стартапка активдүү катышкан студенттерге ЖАКтын ардак грамоталарын тапшыруу

2.Азыркы жаштардын өнүгүүсүнө, ой-жүгүртүүсүнө педагогикалык-психологиялык анализ (психологдун презентациясы)

3.Студенттердин ЖАКтын ичинде, коомдук жерлерде өзүн алып жүрүү жана мамиле кылуу маданияты боюнча тарбиялык иштер боюнча директордун орун басарынын презентациясы

4.Студенттердин сабакка катышуусу жана кечигүүлөрү боюнча соц педагогдун маалыматы

5.Студенттердин модуль, экзамен тапшыруу мезгилиндеги жетишкендиктери жана кемчилдиктерине анализ жасоо боюнча  окуу ишитери боюнча директордун орун басарынын презентациясы

6.ЖАКтын карьера бөлүмү тарабынан  “Адистиктин жетишкендигин даңазалаган макеттердин конкурсун”  жарыялоо

7.Тарбиялык иштерге студенттерди тартуу жана катыштыруу боюнча алдыңкы кураторлордун мотивациялык сөздөрү

       2023-жылдын 2-февраль күнү “Англис тили” жана “Башталгыч класстарда окутуу жана кыргыз тили ПЦКсынын англис тили адистигин  2-курсунун 8 тайпасы жана башталгыч класстарда окутуу адистигинин 2-курсунун 11 тайпасы менен биргеликте өткөрүлдү.

       Мында ЖАКтын директору п.и.к,доцент Б.М.Турдубаева сөз сүйлөп,”Алдыңкы тажрыйба борборунда” түзүлгөн ыңгайлуу шарттар, окуу жайдагы материалдык-техникалык жабдуулардын жаңылангандыгы жөнүндө айтты.

    Окуу жайдын окуу иштери боюнча директордун орун басары А.Т.Маматумаров ар бир тайпа боюнча 1-семестрдеги студенттердин жетишүүсү боюнча маалыматтарды айтып,семестр жыйынтыгында активдүү катышкан тайпаларды бөлүп көрсөттү.

         Азыркы жаштардын өнүгүүсүнө,ой-жүгүртүүсүнө педагогикалык-психологиялык анализ берүү максатында ЖАКтын педагог окутуучусу М.Досалиева студенттер менен кызыктуу маек курду.

         Студенттердин ЖАКтын ичинде жана коомдук жерлерде өзүн алып жүрүү жана мамиле кылуу боюнча мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча директордун орун басары Аззам уулу Гайназар сөз сүйлөп,студенттерге керектүү маалыматтарды берди.

        Ар бир каралган маселелерден кийин студенттер менен талкуу болуп, алардын ой-пикири сунуштары угулду

        Мисалы  англис тили адистигинде окуп жаткан студенттер  окуу жайга келгенде англис тилин билүү деңгээлине карап, тайпаларга бөлүү, окуудан сырткаркы маданий иш-чараларды, адистиктер боюнча таймаштарды көп өткөрүүнү,орус тайпаларга орус тилдүү мугалимдерди көбүрөөк алууну,компьютердик сабаттуулук боюнча кошумча сабактарды өтүүнү, модуль жана экзамен учурунда коомдук комиссиянын мүчөлөрү болгон окутуучулардын студенттерге мамилеси жана предметтер боюнча тесттердин сапатын жакшыртуу жана модулдарга даярдануудагы студенттердин ролу боюнча  сунуштарды айтышты

   Жыйынтыгында,ар бир тайпадан эң мыкты окуган отличник жана ударник студенттерге окуу жайдын атынан ардак грамоталар тапшырылды.

                                                  

  • ЖАКТА ЖЫЙНАЛЫШТАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
  • ЖАКТА ЖЫЙНАЛЫШТАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
  • ЖАКТА ЖЫЙНАЛЫШТАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
  • ЖАКТА ЖЫЙНАЛЫШТАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
  • ЖАКТА ЖЫЙНАЛЫШТАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
  • ЖАКТА ЖЫЙНАЛЫШТАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
  • ЖАКТА ЖЫЙНАЛЫШТАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
  • ЖАКТА ЖЫЙНАЛЫШТАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ
  • ЖАКТА ЖЫЙНАЛЫШТАР ӨТКӨРҮЛҮҮДӨ