AVN







АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ УЮШТУРУЛДУ

АТА-ЭНЕЛЕР ЧОГУЛУШУ УЮШТУРУЛДУ
 Feb 2, 2023  235

   Медициналык-биологиялык дисциплиналар кафедрасында ЛДи-5-22 тайпасынын куратору Турдукул кызы Гүлүйза 28.01.2023 -жылы ата-энелер  чогулушун өткөрдү.

Чогулуш онлайн форматта уюштурулуп, ага Индиядан, Пакистандан ата-энелер катышышты. Аларга Б.Осмонов атындагы  ЖАМУнун  кыскача өнүгүү тарыхын, окуу процесси  жана тарбиялык иштери боюнча маалыматтар берилди. Ата-энелер өздөрүнүн сунуштарын жана ой- пикирлерин айтышып, ыраазычылыгын билдирди.

Г.Турдукул кызынын айтымында студенттердин билим алуу  ыкмаларын  калыптандыруу жана алардын билиминин сапатын жогорулатуу максатында ата-энелер менен жолугушуу уюштурулду. Алар тарабынан  байланышты күчөтүү жана студенттердин жетишкендиктери, кемчилдиктери  жөнүндө маалыматтарды жеткирип, көйгөйлөр жаралса чогу чечүү  сунушталды.