AVN







ЖАМУНУН 2 СТУДЕНТИ ПРЕЗИДЕНТТИН КУБОГУНА КАТЫШТЫ

ЖАМУНУН 2 СТУДЕНТИ ПРЕЗИДЕНТТИН КУБОГУНА КАТЫШТЫ
 Feb 2, 2023  297

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин дене тарбия адистигинин 1-курсунун студенттери (ДТ 1-22) Сабиров Абдунаби жана Шайыбекова Мырзайымдар “Алыш күрөшү” боюнча Президенттин кубогуна катышып, байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу аталган кафедранын башчысы Ильяз Алиев билдирди.

Анын айтымында  2023-жылдын 27-28-январь күндөрү аты аталган эки студент Жалал-Абад шаарында болуп өткөн Кыргыз Респубикасынын “Алыш күрөшү” боюнча Президенттин кубогуна катышып, Сабиров Абдунаби 60 кг салмакта 1-орунду багындырса, Шайыбекова Мырзайым 60+ кг салмакта күч сынашып байгелүү 2-орундун ээси болгон.

Студенттерибизге мындан ары да, окууларына жана спорттук мелдештерде жетишкендиктерди каалайбыз!

  • ЖАМУНУН 2 СТУДЕНТИ ПРЕЗИДЕНТТИН КУБОГУНА КАТЫШТЫ
  • ЖАМУНУН 2 СТУДЕНТИ ПРЕЗИДЕНТТИН КУБОГУНА КАТЫШТЫ