AVN

ТОПУРАК- ЖАРАТЫЛЫШТЫН КҮЗГҮСҮ, АГА КАМ КӨРӨ БИЛ!

ТОПУРАК- ЖАРАТЫЛЫШТЫН КҮЗГҮСҮ, АГА КАМ КӨРӨ БИЛ!
 Jan 31, 2023  299

Япон макалдарында айтылат «Алсыз адам отоо чөп өстүрөт, күчтүү адам- күрүч өстүрөт, акылдуу киши топуракка кам көрөт, көрөгөч адам иштерман инсандарды тарбиялайт деп. Ушул макалга таянып көрөгөч адам жөнүндө бир аз маалымат беребиз – дейт ТИББ кафедрасынын окутуучусу Асем Молдомусаева.

2023- жылдын январь айында ТИББ кафедрасынын окутуучулары  Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин география, экология жана туризм факультетинин, экология жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын башчысы, г.и.к., доцент Теңирбердиев Нурбек Казымалиевичтин "Топурак - жаратылыштын кузгүсү" деген темада онлайн лекциясына катышышты.

Лекцияда  «Топурак таануу» илиминин максаты,  анын пайда болуу тарыхы, топурактын түзүлүшү, курамы жана касиеттери, топурактын типтери, алардын географиялык таралуу закон ченемдүулүгү, асылдуулугу, айыл жана эл чарбасындагы пайдаланышын изилдөөчү илим катары кеңири маалымат берди. Топурактын  практикалык маанисине,  окуу процессинде топуракка байланыштуу кандай практикалык иштерди  аткаруу зарыл экендигине кеңири токтолду. Лекция топуракка байланыштуу кызыктуу суроо жооптор менен жыйынтыкталды деп малымдады кафедранын улук окутуучусу А. Молдомусаева.

  • ТОПУРАК- ЖАРАТЫЛЫШТЫН КҮЗГҮСҮ, АГА КАМ КӨРӨ БИЛ!