AVN







SKY BRIDGES - СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮК

SKY BRIDGES - СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮК
 Jan 31, 2023  441

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунда “Sky Bridges” компаниясынын билим берүү жана карьера консультациясы боюнча презентация иш чарасы болуп өттү.                                                                            Sky Bridges (Асман көпүрөлөр) – бул дүйнөлүк аренада жогору бааланган эл аралык тажрыйбага, көндүмгө жана билимге ээ болуу үчүн укмуштуудай мүмкүнчүлүк берген жашоонун профессионалдуу жол көрсөткүчү. Биз студенттердин максаттарына жетүүсүнө колдоо көрсөтүү менен гана тим болбостон, жекелештирилген жана сапаттуу тейлөө аркылуу алардын келечектеги карьерасына туура багыт табууга жардам беребиз деп билдирди компаниянын жетекчиси Касымбекова Бусажида Жоробаевна.      

Биздин миссия – чет өлкөлүк жогорку окуу жайларда окуу аркылуу жеке жана кесиптик жактан өнүгүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр менен коштолгон мүмкүнчүлүктөрдү берүү.            Биздин программалар: онлайн жана тил мектептери, жайкы лагерлер жана саякаттар, жогорку билим алуу жана улантуу сыяктуу иш чараларды өз кучагына алат.                                   

    Эмне үчүн бизди тандайсыз? Сиз Европа университеттеринде окууңузду уланткыңыз келеби, ошол эле учурда европалык компанияларда иштөөнү каалайсызбы? - деген суроолорго биз кеңешүү, университетке кабыл алуу, азыркы багытты жана кесипти тандоо менен чектелбейбиз. Аэропортто жолуккан учурдан баштап, аймакты, жашаган жерди ориентациялоо, ошондой эле жашоого уруксат алуудан баштап, биз сизге толук колдоо пакетин жеке өзүбүз менен камсыз кылабыз, бул сизге бизге ишеним артуу артыкчылыгын берет! - Бирок бул баары эмес, студенттин каалоосу боюнча биз сиз менен окуу мезгилинде кызматташууга, Европа Биримдиги (ЕБ) тарабынан каржыланган долбоорлорго катышууга, эл аралык компанияларда стажировкадан өтүүгө, престиждүү конференцияларга жана бизнес форумдарга катышууга жана европалык компанияларда жумуш табууга көмөктөшөбүз деген жоопторун айтып өттү компаниянын жетекчиси.                                                                              

Андан сырткары Европадагы кеңсе, билим берүү мекемелери менен түз байланыш, гранттарды жана жеңилдиктерди алууга жардам берүү, Европа компанияларында стажировкадан өтүүгө жардам берүү, жеке карьера боюнча кеңеш берүү, университеттерде окуу мезгилинде узак мөөнөттүү колдоо, билим берүүдөгү кеңеш, бизнес консультациялар, билим берүү экскурсиялары, жайкы лагерлерди уюштуруу ж.б. биздин негизги кызматтарыбызга кирет ошону менен бирге 2020-2022-жылдардагы жыйынтыктарга токтоло кетсек: чет өлкөлүк окуу жайларга (Польша, Чехия, Италия, Венгрия, Австрия, Тайвань жана Америка) 100дөн ашуун студенттер кабыл алынып, эл аралык компанияларда иштегени 50дөн ашуун, карьералык колдоо 150дөн ашык, жумалык семинарлар жана карьера боюнча кеңеш берүү 1000ден ашкандыгын баса белгилеп өттү.                                                                        

Иш чаранын соңунда берилген суроолорго компания жетекчиси тарабынан тиешелүү жооптор берилип, жыйынтыгында стартап командалардын активдүү катышкандыгы белгиленди – деп билдирди борбордун жетекчиси Б.Н.Алымкулов.

  • SKY BRIDGES - СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮК
  • SKY BRIDGES - СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮК
  • SKY BRIDGES - СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮК
  • SKY BRIDGES - СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЧОҢ МҮМКҮНЧҮЛҮК