AVN







САПАТТУУ БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫН КАМСЫЗ КЫЛУУ

САПАТТУУ БАШКАРУУ  СИСТЕМАСЫН КАМСЫЗ КЫЛУУ
 Jan 30, 2023  299

 Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономикалык-юридикалык колледжинин биринчи отуруму болуп өттү. Бул тууралуу аталган колледжден билдиришти.

Отурумда негизги сапаттуу башкаруу  системасын камсыз кылуу үчүн структуралук денгээлдеги жооптуларды дайындоо маселелери каралып, жооптуулар жетекчи тарабынан дайындалды.

Экономикалык-юридикалык колледждин директору, экономика илимдеринин доктору, профессор Азиза Карбекованын тапшырмасы менен жаны дайындалган  ар бир структуралык деңгээлдерге жооптуларга тийиштүү иштер жүктөлдү.

Колледжде жалпы 3 ПЦКсы бар, алар экономика, укук таануу жана социалдык иш ПЦКлары.

  • САПАТТУУ БАШКАРУУ  СИСТЕМАСЫН КАМСЫЗ КЫЛУУ