AVN







ЖАМУДА СТРУКТУРАЛЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР

ЖАМУДА СТРУКТУРАЛЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР
 Jan 30, 2023  386

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик  университетинде структуралык өзгөрүүлөр болду. Структуралык өзгөрүүнүн максаты - эмгек рыногунун талабына жооп бере турган кесипкөй компетенттүү адистерди даярдоодо. Жаңы түзүлгөн орто кесиптик билим берүү мекемесинде экономика, укук таануу жана социалдык иш багытындагы адистер даярдалмакчы.

 ЖАМУнун ректору профессор К.Ж.Усенов, ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору, профессор  А.П.Алибаев МТ жана СИ боюнча проректор А.Д. Доранова, илимий иштер боюнча проректор  С.Ж. Куваков, административдик-чарбалык иштерн боюнча проректор С.С. Уметов баштаган жетекчилери жаңы түзүлгөн колледждин жетекчисин эмгек жамаатына тааныштырып кетти. Экономикалык-юридикалык колледждин директору  болуп э.и.д., профессор А.Б. Карбекова дайындалды. ЖАМУнун жетекчилиги менен ЖАКтын директору жаңы түзүлгөн окуу жайдын жамаатына жана анын жетекчилигине ийгиликтерди каалашты.

Учурда экономикалык-юридикалык колледжде 25 окутуучулар курамы эмгектенет, 508 студент билим алат.

  • ЖАМУДА СТРУКТУРАЛЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР