AVN







“КЕЛ БИЛ” АРКЫЛУУ БАЛАҢЫЗДЫ КӨЗӨМӨЛДӨҢҮЗ

“КЕЛ БИЛ” АРКЫЛУУ БАЛАҢЫЗДЫ КӨЗӨМӨЛДӨҢҮЗ
 Mar 19, 2018  6873

ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде 16-март күнү “Техникалык жана маалыматттарды иштетүү” бөлүмүнүн, «Электр менен жабдуу» адистигинин жалпы студенттеринин ата-энелер чогулушу болуп өттү. Чогулушка ЖАКтын директору Б. Турдубаева, “Техникалык жана маалыматтарды иштетүү” бөлүмүнүн башчысы Т. Нарымбетов, практика жетекчиси Г.Эмилова, «Электр менен жабдуу» адистигинин 9 окутуучусу жана 63 ата-эне катышты.  Мындай маалыматты Электр менен камсыздоо адистиги боюнча окутуучу Айжаркын Мамытова кабарлады.

Маалыматты күн тартибине 3 маселе коюлган. Алар, Колледждин багыты боюнча окуу жана тарбия иштеринин сапаттык деңгээлин аныктоо боюнча,  бөлүмдүн башчысы Т. Нарымбетов АVN жана  АБР программалары жөнүндө маалымат берди. Окуунун сапатын жогорулатуу жана студенттердин жүрүм-турумуна көңүл буруу максатында ар бир ата-эне өз баласынын жетишкендигин көзөмөлгө алуу үчүн, кол телефондоруна  “Кел-Бил” программасын жүктөп алуу сунушталды. Ошондой эле жакшы тарбия бергендиги жана билим алуусуна үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзгөндүгү, баласынын келечегине кайдыгер карабай анын өнүгүшүнө салым кошкондугу үчүн, ата-энелерге “Ыраазычылык кат” берилди. 

Жыйынтыгында ата-энелер мугалимдерге өз ой-пикирлерин жана сунуштарын айтышып, ыраазычылыктарын билдиришти.

  • “КЕЛ БИЛ” АРКЫЛУУ БАЛАҢЫЗДЫ КӨЗӨМӨЛДӨҢҮЗ
  • “КЕЛ БИЛ” АРКЫЛУУ БАЛАҢЫЗДЫ КӨЗӨМӨЛДӨҢҮЗ