AVN







ЖАК ИЛИМ ЖОЛУНДА

ЖАК ИЛИМ ЖОЛУНДА
 Jan 24, 2023  285

Алдыңкы тажрыйба борборунда илимий макала жазуунун жолдору жөнүнүндө семинар болду.  Семинарга илим, магистратура, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, ф.и.к.,доцент  Д.Чокоева  жана х.и.д.  Б.Эрназарова катышышты.  Иш-чараны  ЖАКтын  илимий иштери боюнча жооптуу  Ч.Канкулова уюштурду. Анын билдирүүсү боюнча семинарды уюштуруунун максаты: окутуучуларды илим чөйрөсүнө тартуу, илимий макала жазуунун стилдери менен тааныштыруу жана илимий эмгектерди басмадан чыгаруу жолдорун үйрөтүү.

         Семинарда ф.и.к.,доцент  Д.Чокоева: “ Илимий иликтөө иштеги суроодон тезиске, тезистен текстке чейинки жол” деген темада баяндама окуду.  Ал эми х.и.д  Б.Эрназарова илимий макаланы Scopus жана Web of Science базаларында жарыялоо тартиптери менен тааныштырды.

         Иш-чара аспиранттар жана изилдөөчүлөрдү кызыктырган суроолор менен коштолуп, талкуу продуктивдүү болду.

  • ЖАК ИЛИМ ЖОЛУНДА