AVN

КЫТАЙ ЖАНЫ ЖЫЛЫ КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУНДА БЕЛГИЛЕНДИ...

КЫТАЙ ЖАНЫ ЖЫЛЫ КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУНДА БЕЛГИЛЕНДИ...
 Jan 23, 2023  228

Кытай Жаңы жылы кытайлардын эң маанилүү майрамы саналып, жыл сайын биринчи айдын жанырышында, жаздын башында болот. ЖАМУнун алдындагы Конфуций институтунун окутуучулары тил үйрөнүүчүлөрү менен биргеликте Кытай Жаңы жылын белгилешти. Окутуучулар -  Лю  Махан, Чен Үижин, Ли Шуган бул майрамга өзгөчө даярдык көрүштү: Кытай жаңы жылы тууралуу фильм даярдашты; Жаңы жылда каалоо-тилек жазуу үчүн кызыл кагаздарды, калыптуу сичуан кагаздарын кыркышты; Ар бир курстан катышуучу студенттерди топтошту.

Студенттер кытай тилинде Жаңы жылдык – бакыт, тынчтык, кең пейилдик, достук, чын жүрөктүүлүк, ак көңүлдүүлүк сыяктуу калоо-тилектерди кызыл кагаздарга жазышып, өздөрү каалаган жерлерге илип чыгышты. Кытай маданияты, жыл майрамы  тууралуу фильм көрүшүп,  алган таасирлерин ортого салышты. Өзүлөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышып, маалымат алмашышты. Ар элдин Жаңы жыл майрамы календардык, мезгилдик айырмачылыктарга ээ болгону менен жалпы адамзаттын жакшылыкты, тынчтыкты, молчулук-токчулукту, жанган үмүттөрдүн аткарылышын күтүүсү менен окшошуп турарын билишти. 

  • КЫТАЙ ЖАНЫ ЖЫЛЫ КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУНДА БЕЛГИЛЕНДИ...