AVN







АЛДЫНКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДАГЫ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

АЛДЫНКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДАГЫ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
 Jan 17, 2023  303

 Жалал-Абад колледжинин кыргыз тили жана башталгыч класстарды окутуу ПЦКнын окутуучулары  Абдуллаева Гульчехра  Хайбатуллаевна, Таштанова Кайринса Маматовна,Кудукбаева Элмира Эмилсиновна  академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу алкагында Заманбап эл аралык университеттин колледжде сабактарды өтүп келишти. Сабактар башталгыч класстын мугалими адистигинде окуган студенттерге өтүлдү. Анда Абдуллаева Гульчехра педагогика, Таштанова Кайринса мекен таанууну  окутуунун методикасы,Кудукбаева Элмира  дене тарбияны окутуунун методикасы предметтери боюнча лекциялык жана практикалык сабактарды өтүштү. Ушундай эле сабакты Маткасымова Адина Мадаминовна, Кушбакова Рахат Шукуровна, Маккамбай кызы Райкан К.Ш.Токтомаматов  атындагы эл аралык университетинин гуманитардык-экономикалык колледжде өтүштү.

Сабактар жагымдуу маанай менен башталып, презентациялар көрсөтүлүп, интерактивдүү методдор менен  суроо-жооп,  тапшырмалар  берилип жогорку деңгээлде өтүлдү.Студенттер сабактарга активдүү катышышты.

Конок лекцияга аталган окуу жайдын профессордук-окутуучулук курам катышты.Педагогика багыттары үчүн түзүлгөн окуу план, негизги билим берүүчү программалар боюнча талкуу уюштурулуп,аларды мындан ары оптимизациялоо багыттары айтылды. Окуу жайлардагы адистик боюнча мобилдүүлүктүн пландары каралып, аларды ишке ашыруунун багыттары, иш-чараларды өткөрүү пландаштырылды.

  • АЛДЫНКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДАГЫ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
  • АЛДЫНКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДАГЫ АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК