AVN







РОССИЯНЫН ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ МЕНЕН ЖАМУНУН БАЙЛАНЫШЫ

РОССИЯНЫН ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ МЕНЕН ЖАМУНУН БАЙЛАНЫШЫ
 Mar 19, 2018  834

Бүгүн, 19-мартта  ЖАМУнун Филология факультетинин кыргыз тили кафедрасында россиялык аспирант Артём Сивушков менен кафедранын доценти Айтмамат Оморовдун жолугушуусу болду. Бул боюнча кафедра башчысы Гүлжан Бакирова билдирди.

Бул жолугушууда Россиянын Илимдер Академиясындагы  Антропология жана Этнология институтунун аспиранты А. Сивушков, доцент А.Оморов тарабынан которулган жана түзүлгөн  “М.Кашкари: ырлар, макалдар, уламыштар жана тил теориясы” деген жыйнактагы макалдардын тематикалык жана семантикалык өзгөчөлүктөрүн кыргыз-түрк элдеринин менталитетине тийгизген таасирлери боюнча диссертациясынын темасына ылайык консультация алды. Аспирант мындан ары да илимий байланышты чыңдаарын, кызматташууну улантарын билдирди – дейт Г. Бакирова.

  • РОССИЯНЫН ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ МЕНЕН ЖАМУНУН БАЙЛАНЫШЫ