AVN







СПАРТАКИАДА: ШАХМАТ

СПАРТАКИАДА: ШАХМАТ
 Jan 11, 2023  213

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөнүнүн 100, түзүлгөнүнүн 30 жылдык мааракесине карата “100 жылдыкка 100 иш чара” долбоорунун алкагында, университеттин профессордук-окутуучулар курамынын жана кызматкерлери арасында “Ден соолук – 2023” спартакиадасынын алкагында шахмат оюну жыйынтыкталды.

Ден соолук борборунун директору Низамидин Абдирахимовдун айтымында оюнга жалпы 7 команда катышкан. Эркектер арасында биринчи орун медицина факультети, 2-орун административдик башкаруу корпусу, 3-орунду табигый техникалык факультетинин оюнчулары ээлешти. Ал эми аялдар арасында биринчи орун филология факультети, 2-орун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультети жана 3-орунду медицина факультетинин кыздар командасы ээлешти.

  • СПАРТАКИАДА: ШАХМАТ