AVN







СПАРТАКИАДА: ДЕН СООЛУК – 2023

СПАРТАКИАДА: ДЕН СООЛУК – 2023
 Jan 10, 2023  425

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин түптөлгөнүнүн 100, түзүлгөнүнүн 30 жылдык мааракесине карата “100 жылдыкка 100 иш чара” долбоорунун алкагында, университеттин профессордук-окутуучулар курамынын жана  кызматкерлери арасында “Ден соолук – 2023” спартакиадасы башталды.

Ден соолук борборунун директору Низамидин Абдирахимовдун айтымында спартакиадада спорттун 7 түрү боюнча 7 команданын ортосунда таймаш жүрүүдө. Алар стол үстүндөгү теннис, шахмат, тогуз коргоол, футбол, стритбол, волейбол жана аркан тартыш.

  • СПАРТАКИАДА: ДЕН СООЛУК – 2023
  • СПАРТАКИАДА: ДЕН СООЛУК – 2023