AVN

АТААНДАШТЫК БИЗДИ ЫЛДАМДАТАТ, КЫЗМАТТАШУУ БИЗДИ ЖАКШЫРТАТ

АТААНДАШТЫК БИЗДИ ЫЛДАМДАТАТ, КЫЗМАТТАШУУ БИЗДИ ЖАКШЫРТАТ
 Jan 10, 2023  503

Өзбекстан Республикасынын Андижан шаарында Евросоюздун жана Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча федералдык министрлигинин каржылоосунда “BOOST-Өзбекстан менен Кыргызстандагы ишканалар жана уюмдар туруктуу иштеп жатышат” долбоорунун алкагында “EduForum – 2022” форумуна Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) директору Б.Н.Алымкулов катышып келди.                                      

Иш чаранын негизги максаттарынын бири Борбордук Азиянын 16 миллиондон ашык калкы жашаган Фергана өрөөнүндөгү маданиятка, тарыхка, искусствого бай аймак болгон Кыргызстан (Баткен, Ош, Жалал-Абад), Өзбекстан (Анжиян, Наманган, Фергана) жана Тажикстан (Согди) бүгүнкү күнгө инвестиция тартуу жана өз ара бизнести өнүктүрүү үчүн сонун мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багыт алган. Ага карабай калктын өсүшү, климаттын өзгөрүшү, сапаттуу билим алуудагы кыйынчылыктар, экономикалык өсүштүн басаңдашы сыяктуу Фергана өрөөнүндөгү жаңы замандын актуалдуу көйгөйлөрүн алдын алуу жана чечүү жолдору талкууланды.           

        Бул форумга келген Фергана өрөөнүнүн өкүлдөрү өнөктөштүк жана кызматташтык маселелерин талкуулап, жаңы билимдерди жана инвестициялык көндүмдөрдү, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү үйрөнүү менен билим берүү жана кызматташтык жаатындагы проблемаларды чечүү маселелери боюнча да маалыматтарга ээ болушту. Ошондой эле чексиз мүмкүнчүлүктөр, аккредитациялар, ишкердик жана иштөө, аккредитациянын артыкчылыктары, туризм багыты, жакшы жумуш жана ишкердик программалары менен да таанышышты. Иш чаранын соңунда мындан ары да кызматташтыкты бекемдөө максатында “BOOST-Өзбекстан менен Кыргызстандагы ишканалар жана уюмдары туруктуу иштеп жатышат” долбоорунун жетекчиси Кристиан Гессл, «Фергана өрөөнүнүн Бизнес Академиясы» ЖЧКсынын директору Файруза Самидинова жана Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун ортосундагы өз ара кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду – деп билдирди борбордун жетекчиси - Б.Н.Алымкулов

  • АТААНДАШТЫК БИЗДИ ЫЛДАМДАТАТ, КЫЗМАТТАШУУ БИЗДИ ЖАКШЫРТАТ