AVN







АЙТМАТОВ БАР ААЛАМ ТОЛУК КӨРҮНЧҮ

АЙТМАТОВ БАР ААЛАМ ТОЛУК КӨРҮНЧҮ
 Jan 9, 2023  322

Жалал-Абад колледжинин гуманитардык илимдер ПЦКсы тарабынан Ч.Айтматовдун 94 жылдыгына жана “Манас” күнүнө карата “Айтматов бар аалам толук көрүнчү” деген аталышта адабий кече өткөрүлдү. Кечеге бөлүмдүн окутуучулары жана студенттери катышты.

Кечеде Ч.Айтматовду эскерүү,жазуучуга таандык учкул сөздөр,көркөм окуулар,Манаска жана Айтматовго арналган автордук ырлар тартууланды. Кеченин жүрүшүндө Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр сахналаштырылып,монологдор айтылды.(“Кызыл алма”, ”Биринчи мугалим”,”Кыямат”, “Саманчынын жолу”, “Ак кеме”). Аккардеондун коштоосунда жандуу үн менен ырдашып,кыргыз бийи менен коштолду. “Жаш манасчылар” ийриминин студенттери тарабынан сахналаштырылган көрүнүш жана “Манас” эпосунан үзүндүлөр айтылды.Кеченин соңунда Гуманитардык илимдер ПЦКсынын башчысы В.Арзыматова тарабынан мыкты аткарган жана активдүү катышкан  студенттерге ардак грамоталар берилди. Кечени: У.Абдуллаева,Ч.Торобекова,Г.Токтоматова,Н.Аккулуева, Ш.Нурмаматова, А.Парпиева, Ж.Нарматовалар уюштурушту.

  • АЙТМАТОВ БАР ААЛАМ ТОЛУК КӨРҮНЧҮ
  • АЙТМАТОВ БАР ААЛАМ ТОЛУК КӨРҮНЧҮ
  • АЙТМАТОВ БАР ААЛАМ ТОЛУК КӨРҮНЧҮ
  • АЙТМАТОВ БАР ААЛАМ ТОЛУК КӨРҮНЧҮ