AVN







ЭНЕ ТИЛИМ – ЭНЕ СҮТҮМ

ЭНЕ ТИЛИМ – ЭНЕ СҮТҮМ
 Mar 17, 2018  1712

ЖАМУнун  чоң жыйындар залында  15-март күнү Жала-Абад колледждинин педагогика бөлүмү тарабынан  Эл аралык эне тил күнүнө карата  “Эне тили – эне сүтүм” аттуу жолугушуу конференциясы болду. Тегерек үстөлгө конок  катары окуу жайдын тилчи-окумуштуулары жана студенттер катышышты. Маалыматты Жалал-Абад колледжинин окутуучусу Нуска Эсенова кабарлады.

    Тегерек үстөл үч этаптан туруп, баяндамалар, талкуулар жана суроо-жооптор орун алып, акырында резолюция кабыл алынды. Анда окуу жайлар арасында иш кагаздарын окутууда башка окуу жайларга барып, студенттер менен мобилдүү сабак уюштуруу жана чечендик маданиятын өнүктүрүү боюнча тренинг өткөрүү кабыл алынды.

  Ал кошумчалагандай аталган иш-чара ЖАМУнун 95-жыллдык юблейина карата уюштурулган.

  • ЭНЕ ТИЛИМ – ЭНЕ СҮТҮМ
  • ЭНЕ ТИЛИМ – ЭНЕ СҮТҮМ
  • ЭНЕ ТИЛИМ – ЭНЕ СҮТҮМ