AVN







ИЛИМИЙ ДОЛБООРДОГУ ИЗГИ ИШТЕР

ИЛИМИЙ ДОЛБООРДОГУ ИЗГИ ИШТЕР
 Dec 28, 2022  258

2022-жылдын январь айынан баштап   окуу жай тарабынан  каржыланып колго алынган “Фергана өрөөнү оторчулук  доорунда (XIX к. аягы - XX к. башы)» илимий долбоорунун алкагында  т.и.к., доцент Э.А. Авазовдун жетекчилигинде ф.и.д., профессор м.а. Г.С. Токоева,  т.и.к., доцент м.а. К.А.Халматов, окутуучу М.К.Умаровалар  тарабынан  бекитилген иш- планга ылайык  бир топ иштер аткарылды. Мындай илимий изилдөөчүлүк долбоорлордун  илимий табылгаларынын жана жыйынтыктарынын окуу процессинде колдонуунун маанилүү экендиги талашсыз. Андыктан аталган долбоордун алкагында аткарылган иштер боюнча азыноолак маалымат берүүнү туура күрдүк. Долбоордун катышуучулары тарабынан алгач илимий долбоордун багыттарына ылайык  аткаруучулар  тарабынан  тарыхый-документалдык, архивдик жана фольклордук тариздеги, мезгилдүү басма сөз каражаттарында орун алган ошондой эле интернет желесиндеги тарыхый-этнографиялык, тарыхнаамалык ж.б. булактын мүнөзгө ээ эмгектердин негизинде  библиографиялык маалыматтарга сереп салынды.  Аталган маселени изилдөөгө алышкан окумуштуулардын жана изилдөөчүлөрдүн Фергана өрөөнүндө жашаган элдердин коомдук саясий, социалдык-экономикалык абалы, этникалык курамы,  этникалык, этно-маданий процесстери боюнча  эмгектери жана илимий макалалары талдоого алынды. Иштин кийинки баскычындааймактык, республикалык жана Эл-аралык илимий-практикалык конференцияларга илимий макалалар менен катышуу колго алынды.Алардын айрымдары  төмөнкүлөр:

· 2022-жылдын 11-февралында К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинде өткөн   «Русский язык и культура в Кыргызстане: история и современность, проблемы и перспективы взаимодействия» деген аталыштагы  Эл аралык илимий практикалык конференциянын пленардык жыйынында  Э.А.Авазов тарабынан  «Падышачылык доордо Фергана өрөөнүндө орус кыштактарынын пайда болушу»   деген темада илимий баяндама жасалды.

  • Э.А. Авазов тарабынан  2022-жылдын 14-15-апрель күндөрүи Өзбекстан республикасынын Кокон шаарында Кокон мамлекеттик педагогикалык инстутутунда өткөн “Қўқон хонлиги давлатчилик тарихи” аталышындагы илимий теориялык конференцияга катышуу үчүн илимий сапар ишке ашырылды. Конференцияда “Падышалык Россиянын Фергана өрөөнүндөгү административдик саясаты” деген темада  баяндама жасалды жана ал жыйнакта жарык көрдү.
  • 2022-жылдын 28-апрелинде ОшМУнун базасында өткөрүлгөн  “ФЕРГАНА ӨРӨӨНҮНДӨГҮ ЧЕК АРА КОНФЛИКТТЕРИ: УЧУРДАГЫ АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ” деген аталыштагы Эл аралык илимий-практикалык конференцияга  долбоордун аткаруучулары  Г.С.Токоева “Постсоветтик доордогу кыргыз-өзбек тарыхый-маданий мамилелери”, Э.А.Авазов “Фергана өрөөнү:  кыргыз-өзбек чек ара кызматташуусуна тарыхый сереп”, К.А.Халматов“Фергана өрөөнү: чек ара жана этнографиялык иликтөөлөрдөгү айрым катачылыктар тууралуу” деген аталыштагы илимий баяндамалары менен катышышты.
  • 2022-жылдын   3-ноябрында ОшТУда өкткөрүлгөн  коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, тарых илимдеринин доктору, профессор Нурунбетов Балтагул Аттокуровичтин 75 жылдыгына арналган «Фергана өрөөнүнүн тарыхы азыркы изилдөөлөрдө» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга илимий баяндамалары менен аралыктан катышып, сертификаттарга ээ болушту.
  • 2022-жылдын 5-декабрында  ОшКУЭАУ өткөн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту менен биргеликте өткөрүлүлгөн кыргыздын көрүнүктүү окумуштуу-агартуучусу, коомдук-саясий ишмер Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына арналган “Түрк дүйнөсүндөгү агартуучулук жана салттуу баалуулуктар” темасындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга Э.А.Авазов “Падыша өкмөтүнүн Фергана өрөөнүндөгү агартуучулук саясатына Анжиян көтөрүлүшүнүн тийгизген таасири” деген баяндама менен катышты..

Долбоордун аткаруучулары  2022-жылдын 19-20-май  күндөрү Өзбекстан республикасынын Наманган шаарындагы  Наманган мамлекеттик университетинде «ФЕРГАНА ӨРӨӨНҮНҮН ТАРЫХЫНЫН АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРИ” аталышындагы илимий-практикалык конференцияга  долбоордун катышуучулары тарабынан төмөнкүдөй темадагы илимий макалалалар берилди жана атайын жыйнакта жарык көрдү:

1.Авазов Э.А. “Некоторые проблемы изучение  Андижанского восстания 1898 года в Ферганской долине в постсоветской кыргызской  историографии”;

2.Токоева Г.С. «Развитие социополитической мысли Ферганской долины конца XIX начала XXвв»;

3.Халматов К.А. Қирғиз-ўзбек халқларидаги ўхшаш этнонимлар ҳақида”;

4.Умарова М.К. “Образование в Ферганской долине в конце ХIХ”. Мындан сырткары  изилдөөчүлүк топ тарабынан бир катар макалалар окуу жайлардын илимий жарчысында, жыйнактарда жарык көрдү. Бул боюнча аткарылган иштердин отчетунда кеңири маалыматтар берилди.

Аталган долбоордун алкагында студентердин илимий иштерине жетекчилик да колго алынды.ОшМУда 26- ноябрь күнүөткөрүлгөн  “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу IX аймактык студенттик илимий конференцияда  Т-1-19- тайпасынын студенттери Абдуллаева Элмира «Фергана өрөөнү оторчулук доордо (Э.А.Авазовдун изилдөөлөрүнүн мисалында)», Эшенкулов Мыктыбек Багданбекович : «Т.Кененсариевдин Фергана өрөөнүнүн тарыхын изилдөөдөгү орду» деген тема менен катышышты. Э.Абдуллаева I даражадагы дипломго татыктуу болду. Маклалар журналда жарык көрүүсү күтүлүүдө. ЖАМУда жыл сайын өткөрүлүүчү «Ниязалиевдик окуулар» алкагында «Заманбап илимдин парадигмасы жана илимий ой жүгүртүүнүн инновациялык өнүгүүсү: теория жана практика» аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференцияга Сабырбек кызы Айнагүл (Т-1-21 тайпасы)  "Падышачылык доордо Базар-Коргон аймагында орус-кыштактарынын пайда болушунун тарыхы", Р. Юлбарсова (Т-1-22 тайпасынын студенти) "Алай ханышасынын жеке турмушундагы урунттуу учурлары” деген баяндама менен катышты.Белгилей кетсек илимге идиреги бар студенттерди  мындай илимий долбоорлорго тартуу пайдалуу болот деп ойлойбуз.

Долбоордун  дагы бир милдети аталган маселенин айланасындагы изилдөөлөрдү интернет айдыңына жарыялап коомчулукка маалымдоо болчу. Бул багытта төмөндөгү иштер аткарылды. Аны менен көрсөтүлгөн шилтемелерден таанышууга болот.

  1. КРнын Улуттук телерадиоберүү корпороциясынын “Улутман” телекөрсөтүүсүнүн Жалал-Абад жергесиндеги жер-суу аттары боюнча берүүсүнө  (Буйрук №50/4 26.05.22.) долбоордун жетекчиси Э.Авазов катышты.
  2. Жалал-Абад Медиаборбору.Тарых таржымалы: Анжиян көтөрүлүшү - улуттук-боштондук күрөшүнүн башаты (1-көрсөтүү)https://www.youtube.com/watch?v=rIaRlhW0UXs&t=56s
  3. Жалал-Абад Медиаборбору.Тарых таржымалы: Анжиян көтөрүлүшү - улуттук-боштондук күрөшүнүн башаты (2-көрсөтүү) https://www.youtube.com/watch?v=NWWl916w5kM&t=17s
  4. Жалал-Абад Медиаборбору.Тарых таржымалы: Анжиян көтөрүлүшү - улуттук-боштондук күрөшүнүн башаты (3-көрсөтүү) https://www.youtube.com/watch?v=3CueSEdoff4&t=12s
  5. Жалал-Абад Медиаборбору.Тарых таржымалы: Анжиян көтөрүлүшү - улуттук-боштондук күрөшүнүн башаты (4-көрсөтүү)https://www.youtube.com/watch?v=Y1Sn1Wjw-7A&t=223
  6. Декабрь. ИшенаалыАрабаевге 140 жыл. https://www.youtube.com/watch?v=_tJPsx0yKpc

Ошондой эле,социалдык тармактарга пропагандалоо максатында “ЖАМУнун Тарых кафедрасы баракчасына” Э.А.Авазовдун кыскача тарыхый-экскурсия видеобаяндамалары жайгаштырылды. Албетте, аткарылган иштердин баарын кыскача маалымматта камтуу кыйын. Илимий долбоордун алкагындагы изилдөөлөрдүн негизинде  даярдалган айрым эмгектер “Кыргызстандын  тарыхы”, “Кыргызстандын жаңы доордогу тарыхы”, “Кыргызстандын тарыхынын тарыхнаамасы”, “ Кыргызстандын тарыхынын булактаануусу”  курстарын окутууда апробацияланды.

  • ИЛИМИЙ ДОЛБООРДОГУ ИЗГИ ИШТЕР
  • ИЛИМИЙ ДОЛБООРДОГУ ИЗГИ ИШТЕР
  • ИЛИМИЙ ДОЛБООРДОГУ ИЗГИ ИШТЕР
  • ИЛИМИЙ ДОЛБООРДОГУ ИЗГИ ИШТЕР