AVN







БИЗ БИРГЕБИЗ

БИЗ БИРГЕБИЗ
 Dec 21, 2022  281

Жалал-Абад колледжинин социалдык иш адистигинде окуган Срк-2-21тайпанын студенттери майыптардын Эл аралык күнүнө карата “ Биз биргебиз” аталыштагы иш-чарага катышышты. Бул тууралуу аталган колледжден билдиришти.

Иш-чара шаардын Барпы атындагы кыргыз драма театрында өткөрүлгөн. Маданий иш-чара Данакер коомдук бирикмеси менен биргеликте өткөрүлүп,  ага  облустук жана райондук жетекечилер, шаарыбыздын ден соолугунун  мүмкүнчүлүгү чектелеген жарандар, окуу жайлардын студенттери  катышышты. Аталган адистиктин студенттери инсценировка коюшту. Инсценировкада майыптуулуктун  коомдогу орду, эрте турмуш курган жаштардын тагдыры, мигранттардын жашоосу, майып төрөлгөн балдардын тагдыры чагылдырылды.

Жалал-Абад колледжинин студенттерин окуу жайдын өндүрүштүк окуу иштери боюнча директордун орун басары Ү.Т.Кайкыева жана МЧББ жана социалдык иш  ПЦК башчысы А.А.Ташматова жетектеп, жалпы жамааттын атынан Данакер коомдук бирикмесине  материалдык (акчалай) жардам тапшырышты. 

  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ