AVN







ДЕНИ САК МУУН - ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК

ДЕНИ САК МУУН - ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК
 Dec 20, 2022  485

ЖАКтагы педагогика жана кыргыз тили ПЦКсынын окутуучулары Ажикулова Актилек,Тажибаева Динара тарабынан   бүткүл дүйнөлүк СПИД оорусуна каршы күрөшүү күнүнө карата  “Дени сак муун - эртеңки келечек” деген аталыштагы таймаш  өткөрулду. Таймашка БКМб-3-21 жана БКМк-3-21тайпаларынын студенттери катышты.  Иш-чаранын алкагында студенттер өлкөбүздө ден соолук, биримдик, туруктуулук, ишеним орун алса, СПИДди жеңе алабыз деген ураан менен чыгышты.Бүгүнкү күндөгү эң коркунучтуу жана өтө тездик менен жайылып бара жаткан XXI кылымдын чумасы СПИД дарты, ВИЧ инфекциясы тууралуу жана коркунучтуу илдеттин алдын алуу жолдору айтылды. Калктын сергек жашоо мүнөзү боюнча студенттер атайын маалыматтарды  берүү менен, презентациялар көрсөтүлүп, докладдар окулуп, суроо-жооптор уюштурулду. Тема боюнча СПИД жана наркомания көйгөйлөрүн  чагылдырган сахналык көрүнүштөрдү аткарышты. Ден соолукту даңазалаган обондуу ырларды аткарып, учкул сөздөрдү  айтышты.

Жыйынтыгында өткөрүлгөн тарбиялык-маданий иш-чара анализденип, окутуучулардын айтуусу боюнча аталган кече уюштуруу жагынан да мазмуну жагынан да абдан кызыктуу өткөрүлгөндүгү баса белгиленди.

  • ДЕНИ САК МУУН - ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК
  • ДЕНИ САК МУУН - ЭРТЕҢКИ КЕЛЕЧЕК