AVN







ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ ЖАНДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ ЖАНДЫ
 Dec 20, 2022  239

Балатыны жандыруу аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаар тургундары жана Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттери  катышышты.

Калаа мэри Эрнисбек Ормоков шаар тургундарын келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап,  жакшылыктарды, ийгиликтерди жана жаратмандыкты каалады.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, өнөр ээлери тарабынан жагымдуу ырлар тартууланды.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын "Эркиндик" аянтына бийиктиги 27 метрди түзгөн балаты орнотулду.

  • ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ ЖАНДЫ
  • ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ ЖАНДЫ
  • ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ ЖАНДЫ