AVN







“ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ”

“ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ”
 Dec 19, 2022  196

2022-жылдын 16-декабрында Бишкек шаарында К.Карасаев атындагы БМУнун жыйындар жайында КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштурулган “Жогорку окуу жайларда мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери” аттуу ЖОЖдордун мамлекеттик тил проректорлорунун отуруму КР ЖК депутаты В.К.Раимбачаева, КР ББИМ мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Г.У.Ибраимова, К.Карасаев атындагы БМУнун ректору, КР Жогорку окуу жайлар ассоциациясынын төрагасы А.И.Мусаев, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинскаялардын катышуусу менен болуп өттү. Отурумду төрага Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич алып барды жана “Жогорку окуу жайлары: мамлекеттик тил жана тил саясаты” деген баяндама жасап, бир топ көйгөйлүү маселелерди ортого салды. Андан сырткары 11 ЖОЖдун проректору тарабынан жогорку окуу жайдагы мамлекеттик тилдин абалы боюнча маалымат берилди. Ошону менен катар бир нече сунуш-пикирлердин негизинде кайрылуу кабыл алынды.

Жогорудагы отурумга университеттин мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору Доранова Айгул Дадажановна катышып, университеттеги мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө болуп жаткан алгылыктуу иштер боюнча маалымат берди.

  • “ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ”
  • “ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ”
  • “ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ”
  • “ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИ”