AVN







Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАМУНУН СТУДЕНТИ ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯНЫН ЭЭСИ

Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАМУНУН СТУДЕНТИ  ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯНЫН ЭЭСИ
 Dec 19, 2022  281

2022-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан республикабыздын ЖОЖдорунан тандалып алынган эң мыкты студенттерди сыйлоо аземи болуп өттү.

Президенттик стипендияга Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетининЭ.Уметов атындагы педагогика факультетинин Физика-математикалык билим берүү багытынын Информатика профилининФМББ(И)-1-19 тайпасынын студенти Амираева Бибигүл Сыдыковна окуудагы мыкты жетишкендиктери жана коомдук  иштердеги активдүүлүгү менен президенттик стипендияга ээ болду.

Стипендия тапшыруу аземинде Мамлекет башчы Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну каалаган жигердүү, демилгелүү, мекенчил жаштарды ар дайым колдоп келерин баса белгиледи. Өлкөбүздүн келечеги терең билим менен жаңы ачылыштарды, ойлоп табууларды, чыгармачылык менен  айкалыштыра алган жаштардын колунда экендигин жана мамлекет таланттуу жаштарды дайым колдоп келерин билдирди.  Президент Садыр Жапаров студенттерге ак жол, тынчтык, ийгилик каалады.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун коллективи Бибигүлгө бекем ден соолук, узун өмүр каалап, президенттик стипендиянын ыйгарылышы менен  келечекте өз кесибинин чыгаан адиси болооруна терен ишеним арта тургандыгын, стипендия ийгиликтердин башаты болуусуна тилектештигин билдирет.

  • Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАМУНУН СТУДЕНТИ  ПРЕЗИДЕНТТИК СТИПЕНДИЯНЫН ЭЭСИ