AVN







БАЛДАРЫБЫЗ БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ, БАКТЫБЫЗ

БАЛДАРЫБЫЗ БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ, БАКТЫБЫЗ
 Dec 19, 2022  265

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдында уюшулган Жалал-Абад колледжинин автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсында ата-энелер чогулушу болду.  Чогулуштун максаты : Ата-энелер окуу жайдын өнөктөшү катары окуу жайдын өнүгүшүнө салым кошо ала тургандыгын  талкуулоо жана балдарынын тандаган кесибинин татыктуу ээси болуу  үчүн өзүлөрүнүн ролун аныктоо.

Автоматташтырылган системалар жана математика ПЦКсында уюшулган ата-энелер чогулушу өзгөчө чогулуштардын бири болду. Аны маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу адистигинин БАСк-2-21 тайпасы үчүн уюшулган ата-энелер чогулушу далилдейт. Жыйынга 90% ата-эне катышты. "Балдарыбыз биздин келечегибиз, бактыбыз" деген темада ата-эне менен баланын ортосунда интерактивдүү ангемелешүү жүрүп, кызыктуу оюндар уюштурулду.

   Ата-энелер Жалал-Абад колледжинде студенттер үчүн толук шарт түзүлгөнүн көрүп, жамаатка жана тайпанын жетекчиси А.К.Сатимбаевага ийгилик каалашты. Жыйындын соңунда үлгүлүү ата-энелерге ЖАКтын директору Б.М.Турдубаеванын атынан ыраазычылык каттар тапшырылды.