AVN







“СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”

“СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”
 Dec 19, 2022  345

ЖАМУнун 100 жылдыгына карата “100 жылдыкка 100 иш-чара” программасынын, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунун жылдык иш-планына ылайык, 2022-жылдын 15-декабрында  “Спорт – достуктун тиреги!” аттуу стол үстүндөгү теннис мелдеши өткөрүлдү. Мелдештин максаты Конфуций институту аркылуу кыргыз-кытай мамилелеринин чыңдалышына салым кошууну, университеттеги институт, факультет, колледждер, Жалал-Абад областындагы кытай компаниялары, институтунун окуу пункттарынын кызматкерлери жана өнөктөштөрү арасында кызматташууну бекемдөөнү, студенттер, окутуучулар арасында жагымдуу мамилелерди түзүүнү,  алардын ден-соолугун  чыңдоону, стол үсүндөгү теннис спортун өркүндөтүүнү көздөйт. Спорттук беттешүүгө ЖАМУнун жетекчилиги жана кызматкерлери, институттун окуу пункттарынан келген өнөктөштөрү, тил үйрөнүүчүлөрү, Жалал-Абад областындагы кытай компанияларынын кызматкерлери катышышты.

Иш-чараны окуу жайдын ректору, т.и.д., профессор К.Ж.Усенов өзү ачып, Конфуций институтунун демилгесин колдоп, катышуучуларга ийгилик каалап, жамаатты сергек жашоо образына, ынтымак-достукка чакырды. Жалал-Абад областындагы кытай компанияларынын кызматкерлеринин колдоосуна ыраазычылык билдирип, бекем кызматташууга чакырды.

Мелдешке 16 команда катышып, өз даярдыгын, шамдагайлыгын, күчүн көрсөтүштү. Жеңүүчү командалар аныкталып, Конфуций институту тарабынан даярдалган дипломдор, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты:

1-орун: АУП командасы;

2-орун: Конфуций командасы;

3-орун: ПФ командасы;

Активдүү катышкан ЭЮФтун командасы, Жалал-Абад колледжинин командасы, ЖАЭУнун командасы кызыктыруучу акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Иш-чаранын соңунда катышуучулардын ыраазылыктары айтылып, мындай мелдештерди тынымсыз өткөрүп туруу керектигин баса белгилешти. Окуу жайдын жетекчилиги мындай демилгени колдоорун билдирди.

  • “СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”
  • “СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”
  • “СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”
  • “СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”
  • “СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”
  • “СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”
  • “СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”
  • “СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”
  • “СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”
  • “СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”
  • “СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”
  • “СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”
  • “СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”
  • “СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”
  • “СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”
  • “СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”
  • “СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”
  • “СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”
  • “СПОРТ – ДОСТУКТУН ТИРЕГИ!”