AVN







ЖАРНАКТАРДАН БИР КАТАР КАТАЛАР ТАБЫЛДЫ

ЖАРНАКТАРДАН БИР КАТАР КАТАЛАР ТАБЫЛДЫ
 Mar 17, 2018  894

ЖАМУнун Филология факультетинин 313-каанасында 16-мартта орус филологиясы кафедрасынын улук окутуучусу Гүлзада Калмуратова «Орус тилин окутуу усулунун практикуму» сабагынан ОТ-1-15 тайпасына ачык сабак өттү. Анда «Үйрөтүүчү жат жазууларды өткөрүүнүн усулу» - деген аталыштагы ачык сабак болгонун кафедра башчысы Айчүрөк Калмурзаева билдирди.

Анын айтымында сабакта кесипке багытталган, азыркы турмуш менен байланыштуу, кызыктуу жана көргөзмөлдүү ошондой эле сабакта жаңы ыкмалардын жана окутуунун заманбап технологиялары колдонулган – дейт А. Калмурзаева.

Ал кошумчалагандай  1 жума мурун студенттерден Өзгөчө кырдаалдар комиссиясы түзүлүп, аларга тапшырма берилген: шаардын көчөлөрүндө кездешкен орфографиялык жана пунктуациялык каталарды таап, сүрөткө тартып келүү болгон. Балдар тапшырмаларды аткарып, калаадагы бир катар жарнактар кыргыз-орус тилинде ката жазылганын таап, сүрөткө тартып келишкен.  

Ал эми сабактын жыйынтыгы менен Г. Калмурзаева ал каталарды оңдотуу максатында, шаардык мэрияга сунуш берген. Белгилей кетсек бул сабакка 20 студент жана кафедранын окутуучулары катышкан.

  • ЖАРНАКТАРДАН БИР КАТАР КАТАЛАР ТАБЫЛДЫ
  • ЖАРНАКТАРДАН БИР КАТАР КАТАЛАР ТАБЫЛДЫ
  • ЖАРНАКТАРДАН БИР КАТАР КАТАЛАР ТАБЫЛДЫ
  • ЖАРНАКТАРДАН БИР КАТАР КАТАЛАР ТАБЫЛДЫ
  • ЖАРНАКТАРДАН БИР КАТАР КАТАЛАР ТАБЫЛДЫ