AVN

КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИ ЖАНА АНЫН НЕГИЗИ

КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИ ЖАНА АНЫН НЕГИЗИ
 Dec 16, 2022  280

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университенин экономикалык-юридикалык факультетинин Юк-1-21 тайпасына кылмыш-жаза укугу сабагынан окутуучу З.Кошалиева тарабынан конок лекция уюштурулду. Ага Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө боюнча тергөөчүсү милициянын майору Султанов Сталбек Бердикулович   “Кылмыштын курамынын жалпы  түшүнүгү, түрлөрү. Кылмыш-жаза жоопкерчилиги жана анын негизи” деген темада лекция окуду.

Лекциялык сабакка студенттер активдүү катышып, суроо-жооптор,  өз ара пикир алмашуулар менен жыйынтыкталды.

Андан сырткары 2022-жылдын декабрь айында Юк-1-21 тайпасынын куратору З.Кошалиева Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнүнө карата  куратордук  ачык  саат өттү.

Бул илдеттин тарыхы, оору тууралуу, ооруга чалдыккан адамды даарылоо эрежелери, оору кандай жол менен кантип жугары, бул илдеттен кантип сактануу керек экендигижөнүндөбаяндамалар окулду.

Окутуучу З.Кошалиева өлкөдө санитардык талапка жооп бербеген сулуулук салондорунан гепатит,  ВИЧ/СПИД,    туберкулез сыяктуу  ооруларды  жуктуруп алгандардын саны    күч алып, дартка кабылгандардын саны барган  сайын көбөйүп жаткандыгын айтты.

Андыктан жаштарга туура маалымат жеткирүү менен бул оорунун алдын алсак болот деген ойдо бул иш-чараны уюштурулганын  кылмыш-жаза укуктук кафедрасынын кафедра башчысы Н.И. Арзиев билдирди.

  • КЫЛМЫШ-ЖАЗА ЖООПКЕРЧИЛИГИ ЖАНА АНЫН НЕГИЗИ