AVN







САРТБАЕВДИК ОКУУЛАР -2022

САРТБАЕВДИК       ОКУУЛАР -2022
 Dec 14, 2022  368

2022-жылдын 9-ноябрында Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасы 2022-жылдын 9-декабрында университеттин түптөлгөндүгүнүн 100, түзүлгөндүгүнүн  30 жыддыгын утурлап, КРнын эмгек сицирген мугалими, улуу окумуштуу, педагог Сартбаев Каратай Сартбаевичке арналган «Сартбаевдик окуулар-2022” алкагында: «Башталгыч билим берүү: теориясы, практикасы жана өнүгүү тенденциялары-2022» аталышындагы Эл аралык илимий - практикалык конференция уюштурулду. Конференцияга Казак Республикасынын окуу жайлары, И.Арабаев атындагы КМУнун,  С.Нааматов атындагы НМУнун, ОшМУнун, А.Мырзабеков атындагы ОшМПУнун, Б.Сыдыков атындагы ОшКӨЭУнун, К.Токтоматов атындагы Эл аралык университеттин, БатМУнун, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун окумуштуулары, студенттери катышты. Конференцияга жалпысынан 154 доклад түшкөн. Докладдардын негизги тематикасы Каратай Сартбаевичтин эмгектерине, учурдагы билим берүүнүн технологияларына басым жасалган. Конференциянын пленардык жыйынында НМУнун профессору Т.М.Сияев учурдагы тренингди уюштуруунун актуалдуу маселелерине, профессорлор С.С.Сакиева, А.Р.Акунова окумуштуунун илимий-методикалык чыгармачылыгына анализ жасашты.  Доценттер Р.С.Нусупова, М.Ж.Найманбаев, К.М.Ураимов, Г.У.Рыскулова окумуштуунун педагогикалык чыгармачылыгы жөнүндө маалымат беришти. Секцияларда талкууланган докладдарда педагогика, информатика, химия, БАС адистигинде окуган студенттер кызыктуу докладдарды окушту. Конференцияда окумуштуунун үй-бүлөсү тарабынан каржыланган 2-4-курста окуган 3 студентке, т.а. Тургуналиева Таншоолага (МЧББ-1-19 группасы),Султанбаева Гүлизага (П-1-20 группасынан), Бактыбек кызы Айзирек (Пк-1-21 группасынан) стипендия ыйгарылды. Бул студенттерге окуудагы  жетишкен ийгиликтери үчүн берилди. Ошондой эле Каратай Сартбаевдин эмгектери боюнча доклад окуган 12 докладчикке   И.Арабаев университети тарабынан Каратай Сартбаев атындагы дипломдор менен сыйланды. 154 катышуучунун баары сертификат менен сыйланды.

Конференциянын резолюциясында окумуштуунун башталгыч класстарга арналган эмгектери магистранттар, аспиранттар тарабынан изилденип, жыл сайын ЖОЖдордо башталгыч класстардын мугалимин даярдоочу  кафедралар аркылуу Сартбаевдик окуулар уюштурулуп туруусу белгиленди.

  • САРТБАЕВДИК       ОКУУЛАР -2022
  • САРТБАЕВДИК       ОКУУЛАР -2022
  • САРТБАЕВДИК       ОКУУЛАР -2022
  • САРТБАЕВДИК       ОКУУЛАР -2022
  • САРТБАЕВДИК       ОКУУЛАР -2022
  • САРТБАЕВДИК       ОКУУЛАР -2022
  • САРТБАЕВДИК       ОКУУЛАР -2022
  • САРТБАЕВДИК       ОКУУЛАР -2022