AVN

ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМГЕ ЖАНА ТЕРРОРИЗМ, МЫЙЗАМСЫЗ МИГРАЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ

ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМГЕ ЖАНА ТЕРРОРИЗМ, МЫЙЗАМСЫЗ МИГРАЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ
 Dec 14, 2022  850

Экономикалык-юридикалык факультетинде Юк-1-21 тайпасынын студенттерине диний экстремизмге жана терроризм, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча  куратордук ачык кылмыш-жаза укуктук дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Кошалиева Зарина тарабынан өткөрүлдү.

Куратору З.А.Кошалиева диний экстремизм  жана терроризм, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү жөнүндө маалымат берип,   бүгүнкү  ачык сабакка катышкан коноктор менен тааныштырды.

Алар: КРнын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Жалал-Абад облусунун өкүлү Кайсарбаев Нурбек Жанарбекович жана Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын Экстремизм жана мыйзамсыз  миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын милициянын подполковниги Казакбаев Жеңишбек Калилович.

КРнын Президентине караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Жалал-Абад облусунун өкүлү Кайсарбаев Нурбек Жанарбекович: мыйзам үстөмдүгүн, адамдын, инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун Кыргыз Республикасында экстремизмди натыйжалуу алдын алуу жана ага бөгөт коюу, терроризм коркунучтарын болтурбоо керектигин жана  диний экстремизм жана терроризм көрүнүштөрүн алдын алуу жана аларга бөгөт коюу, диний сабаттуулукту жогорулатуу керектигине токтолду.

 Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын Экстремизм жана мыйзамсыз  миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын милициянын подполковниги Казакбаев Жеңишбек Калилович   улуттар аралык ынтымак, диний экстремизм, терроризм, адамдарды сатууга каршы күрөшүү, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча маалымат берди.

Динге жамынган экстремисттик жана террордук топтордун активдүүлүгү акыркы мезгилде дээрлик дүйнө жүзүндө масштабдуу мүнөзгө ээ болууда. Экстремисттик жана террордук топтор тынчтыкка, коопсуздукка, туруктуу өнүгүүгө, адам укугуна жана мыйзамдын үстөмдүгүнө, мамлекеттердин бүтүндүгү менен эгемендүүлүгүнө коркунуч жаратууда.

Семинардын алкагында улуттар аралык ынтымак, экстремизмдин жана терроризмдин алдын алуу, алар менен күрөшүү темасында  келген коноктор менен суроо-жооптор болуп өттү. 

  • ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМГЕ ЖАНА ТЕРРОРИЗМ, МЫЙЗАМСЫЗ МИГРАЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ