AVN







АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА  ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
 Dec 13, 2022  251

Жалал-Абад колледжинин автоматташтыруусистемалары жана математика ПЦКсында «Манас» күнүнө жана Чынгыз Айтматовдун 94 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференция Б.Ж. Раева жана Б.А. Маманова тарабынан   уюштурулду. Илимий-практикалык конференциянын максаты:«Манас» эпосунда жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында камтылган руханий баалуулуктарды өсүп келе жаткан муундардын арасында кеңири жайылтуу.

Конференцияда“Манас жана Чынгыз Айтматов ааламы” темасындагы куратордук сабакта студенттердин  мыкты деп табылган илимий докладдар, дил баяндар, компьютердик программаларпрезентацияланды. “Манас эпосу боюнча сенин билимиң?” жана “Чынгыз Айтматов жөнүндө эмнелерди билесиң?” деп аталган  компьютердик тесттер жүргүзүлдү.Ошондой эле иш- чара практикант-студенттер уюштурган концертти кпрограмма менен коштолду.

Конференцияда эң жакшы илимий  макалага,  активдүү катышкан жана тестте жогорку баллга ээ болгон студенттерге колледждин администрациясынан грамоталарыйгарылды.

  • АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА  ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
  • АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДА  ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ