AVN







МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖҮРҮШҮ КӨЗӨМӨЛДӨНҮҮДӨ

МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖҮРҮШҮ КӨЗӨМӨЛДӨНҮҮДӨ
 Mar 16, 2018  946

      ЖАКтын «Башталгыч класстарда окутуу жана дене тарбия мугалими»  адистиктеринин мамлекеттик практикасынын жүрүшүн көзөмөлдөө боюнча жүрүш болду. Бул тууралуу Жалал-Абад колледжинин өндүрүштүк практика бөлүмүнүн жетекчиси  Мирагүл  Мамбетова билдирди.

     Анын айтымында жүрүш ЖАМУнун өндүрүштүк практика бөлүмүнүн жетекчиси Жеңиш Куваков менен биргеликте уюштурулган.  Стунденттер менен жолугушуп, методикалык жардамдар көргөзүлдү.

    №3 Ж.Бакиев атындагы  гимназия мектебине Дене тарбия мугалими адистигинин бүтүрүүчү курстары бөлүнгөн. Алгач алар менен жолугушуп, практика учурундагы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар  менен тааныштык. Андан кийин №5 Б.Осмонов атындагы гимназия мектебинин жетекчилиги тарабынан жумуш  орун сунушталган   Башталгыч класстын мугалими  БКМк-2-15 тайпасынын практиканты  М.Ибрагимованын сабагына катыштык. Ошондой эле башка практиканттардын да сакбактарына катышып, теориялык алган билимдерин, практикада бышыктоо максатында ар түрдүү методикалык жардамдар көргөзүлдү.

  • МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖҮРҮШҮ КӨЗӨМӨЛДӨНҮҮДӨ
  • МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖҮРҮШҮ КӨЗӨМӨЛДӨНҮҮДӨ
  • МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖҮРҮШҮ КӨЗӨМӨЛДӨНҮҮДӨ
  • МАМЛЕКЕТТИК ПРАКТИКАНЫН ЖҮРҮШҮ КӨЗӨМӨЛДӨНҮҮДӨ