AVN







АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДАГЫ ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ

АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДАГЫ  ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ
 Dec 12, 2022  352

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал – Абад колледжинин экономика ПЦКсы 080106  каржы (тармактар боюнча) адистигиндеги  Фк – 2 – 20 тайпасынын студенттери Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Жалал-Абад финансы башкармалыгында жумуш ордунда окутууда болушту. Студенттерди жумуш ордунда окутууга ЖАКтын окутуучучу  А.Калмурзаева алып барды.

Жумуш ордунда окутуунун  максаты,милдеттери жөнүндө өндүрүштүк практика боюнча директордун орун басары У.Т. Кайкыева түшүндүрмө берүү менен баштады.

Жумуш ордунда окутуунун үч түрү бар: 1.Өндүрүштүк практика менен окутуу2. Окуу учурда окутуу.3.Дуалдык окутуу. Бул  жумуш ордунда окутуунун окуу учурда окутуу түрүнө кирээрин У.Т.Кайкыева белгиледи.

Тажрыйбалуу адис Жалал-Абад финансы башкармалыгынын казына бөлүмүнүн башчысы Сартбаев Айбек Равшанбекович, окутуунун жүрүшүндө белгиленгендей, жумуш ордунда  окутуу студенттердин кесиптик билимин жана көндүмдөрүн калыптандырууга, алгачкы иш тажрыйбасын алууга мүмкүндүк берерин, бул алардын эмгек рыногуна чыгуусуна шарт түзөөрүн белгиледи. Ошондой эле каржы башкармалыгынын максаты , милдеттери, иш планы, бюджеттик бөлүштүрүү боюнча кенен маалымат берди .Эмгек рыногунун талабына жараша,  билим берүү программаларынын сапатын жогорулатуу максатындаэкономика адистигине  Кыргыз Республикасынын тиешелүү кодекстерин окутууну киргизүүнү сунуштады.

Студенттер тарабынан ар кандай кызыккан, түшүнбөгөн  суроолор берилип, канаатандыраарлык жооп алып, жумуш ордунда окутуу өтүп, келечектин кесипкөй адистерин тарбиялоодо чоң салымын кошкондугу үчүн Сартбаев Айбек Равшанбековичке ыраазычылык билдирилди жана окуу жай тарабынан ыраазычылык кат берилди. Келечекте заман талабына жараша адис даярдап чыгаруу үчүн башкармалык менен мындан аркы кызматташууну жакшыртуу  пландалды.

  • АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДАГЫ  ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ
  • АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБА БОРБОРУНДАГЫ  ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ