AVN







ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН СИМВОЛИКАЛЫК АТРИБУТТАРДЫ ЖАҢЫЛАНДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН СИМВОЛИКАЛЫК АТРИБУТТАРДЫ ЖАҢЫЛАНДЫ
 Dec 12, 2022  186

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын “Жалал-Абад облусунун символикалык атрибуттарды кайрадан түзүү жана тандоо жөнүндө” 2022-жылдын 5-декабрындагы №355-б буйругунун негизинде түзүлгөн конкурстук комиссиясынын отуруму 2022-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүндө болуп өттү.

Отурумду өкүлчүлүктун орун басары Э.С.Маматаев алып барып, облусубуздун символикалык атрибуттары болгон облустун туусу, герби жана гимнин кабыл алуу жана колдоонуу боюнча комиссияга тааныштырып, мурда талкуулангандыгын баса белгиледи жана бекитүүнү колдоп берүүнү сунуштады. Комиссиянын мүчөлөрү облустук символикалык атрибуттары болгон гербин (авторлору: Б.С.Байжигитов, У.К.Койчуманов, Ч.М.Карымшаков), туусун (автору: М.Т.Жунусалиев), гимнин (сөзү: С.Стамбеков, музыкасы: А.Бедияров) кабыл алынды жана колдонуу боюнча жабасунун негизинде бекитилүүгө сунушталды.

Комиссиянын отурумуна университеттин МТТС боюнча проректору А.Д.Доранова катышып келди.

  • ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН СИМВОЛИКАЛЫК АТРИБУТТАРДЫ ЖАҢЫЛАНДЫ
  • ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН СИМВОЛИКАЛЫК АТРИБУТТАРДЫ ЖАҢЫЛАНДЫ