2022-жылдын 8- декабрында эл аралык майыптар күнүнө карата «Биз биргебиз» аттуу акциянын алкагында экономикалык-юридикалык факультетинин экономика, эсеп жана каржы кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер менен бирге “Кайрымдуулук-инсандын парзы” деген ураан менен Жалал-Абад шаарындагы “Психоневрологиялык социалдык стационардык”
мекемесине барып ал жердеги мүмкүнчүлүгү чектелген балдардан кабар алышты. Профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери балдарга жылуу байпак, шириндиктерди жана мөмө-жемиштерди алып барып мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кубантышты.
Экономикалык-юридикалык факультетинин экономика,эсеп жана каржы кафедрасынын башчысы э.и.к.,доцент Төлөнов Эмил Нажимидинович белгилегендей: Биздин бул аракетибиз мүмкүнчүлүгү чектелген балдарыбызды коомдон бөлүп карабай аларга дайым көңүл бурууга үндөө жана студенттерибизди кайрымдуу, боорукер жана берешен болууга тарбиялоо.