Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасын ЧТк-3-22 тайпасынын куратору Гүлжан Алымкулова “Адам укуктарын коргоо” күнүнө карата “Адам укугу жана эркиндиги ”аттуу тегерек стол уюштурду.
Бул тегерек столго кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, 1-3-курстардын студенттери жана “Жаш жарандардын өнүгүүсү” коомдук фондунун координатору, юрист-консультант Мунара Мамадалиева катышты. Ал адам укуктарынын мүнөздөмөлөрү, келип чыгышы жана тарыхы, билим берүү жаатында билим алуу укутары, адамдын мамлекетке карата укуктук статусун, анын экономикалык,социалдык,саясий,маданий чөйрөлөрдөгү мүмкүнчүлүктөрү боюнча баяндама жасады.
Ошондой эле үй бүлөдөгү зордук зомбулукту коргоо жана үй бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу жана анын алдын алуу, жабыр тарткандарга социалдык колдоо көрсөтүү боюнча субьектердин чөйрөсү, жарандардын укуктары жана милдеттери боюнча да айта кетти. Студенттер жана окутуучулар тарабынан кызыктуу суроолор берилип, талкуу болду дейт кафедранын тарбиялык иштери боюнча жооптуу А.Б.Мамбеталиева.