AVN







Окуу-илимий изилдөө иштери менен айкалышкан педагогикалык практика

Окуу-илимий изилдөө иштери менен айкалышкан педагогикалык практика
 Dec 9, 2022  369

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин  педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын П-1-19, МЧББ-1-19 группаларында адаптациялык-педагогикалык практиканын жыйынтыктоочу конференциясы болду. Аталган конференция адаттагыдан айрымаланып өткөрүлдү. Конференцияда практиканттар педагогикалык практикасын ийгиликтүү өтөө менен бирге окуу-илимий изилдөө иштерин дагы аткарып келишкендигин баяндашты. Практиканттар изилдөө иштеринде азыркы кездеги көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыгышты. П-1-19 группасынын студенти Абдукалыкова Нуриса алиппенин мисалында “Башталгыч класстардын окуулуктары” деген изилдөөсү кызыктуу талкуу  жаратты. Бул изилдөөсүндө  практикант мектепте алиппе китебинин эки авторго тийешелүү эки түрү окутулуп жатканын айтты. Ошондой эле эки китеп боюнча анализ жүргүзгөндүгүнө токтолду. Жыйынтыгында алиппе китеби боюнча сунуштарын берди. МЧББ-1-19 группасынын студенти Абдубаитова Алина “Мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги айрым маселелер” деген темадагы окуу-илимий изилдөө ишинде балдар бакчаларындагы балдардын бир беткей тамактанып жаткандыгын көтөрүп чыкты. Бул албетте, азыркы учурдагы социалдык көйгөйлүү маселелердин бири. П-1-19 группасынын студенти Авазханова Аьлохан “Окуучунун жашоосундагы мобилдик телефондун ролу”  деген темадагы изилдөөлөрү дагы кызыгууну жаратпай койгон жок. Ошондой эле П-1-19 группасынын студенттери  Салахидин кызы Огилайдын “Башталгыч класстарда үй тапшырманы аткаруунун ар кандай ыкмалары”,  Асылбек кызы Элвиранын “Мугалим менен окуучунун ортосундагы мамиле”, Жапарова Шириндин “Ата-энелердин чогулушу: конструктивдүү диалог” деген темадагы окуу-илимий изилдөө иштери дагы катышуучуларды кайдыгер калтырган жок. Практиканттар педагогикалык практика учурунда өздөрү кызыккан темада окуу-илимий изилдөө иштерин жүргүзүп, көпчүлүгү эксперимент жүргүзүүгө дагы жетишишкен. Студенттердин мындай изилдөөлөрү  кийинкипедагогикалык практикаларда  үзгүлтүксүз уланмакчы. Конференциянын уюштуруучулары педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы проф.С.С.Сакиевага жана окутуучулар доцент К.Ураимовго, Н.Мокуевага, А.Төрөбековага, Райымкул кызы Айжамалга, А.Шишкараевага, Д.Адановага ыраазычылык билдиребиз. Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Н.С.Жолдошалиева.

  • Окуу-илимий изилдөө иштери менен айкалышкан педагогикалык практика